Чек арада кармалган жарандар бошотулду деп билдирет Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.
Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары, таң эрте Ак-Сай айылынан үч тажик жаранын кармашкан. Жергиликтүү тургундар тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүргөндүгүнүн себебин тактоо максатында милицияга өткөрүп беришкен.
Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан.
Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде жолугуп, тактоо жүргүзүү боюнча тапшырма берилген. Жыйынтыгында, эки тараптын күч түзүмдөрү эл менен макулдашып, кармалган жарандар бошотулду.