"Эркин-Тоо"

Кыргыз-тажик чек арасынын 47,05 чакырымы такталды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык, 8-декабрдан 14-декабрга чейин Баткен облусуна караштуу Баткен шаарында өткөн.

«Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашышты», — деп айтылат маалыматта.

Калган участокторду тактоо боюнча тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.