"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик 116 километри зым менен тосулду

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын дээрлик 116 километр (115 чакырым 958 метр) аралыгына зым тосмолор орнотулгандыгын билдирди.

Учурда чек араны тосуу жумуштары Лейлек районунун Максат айылынын аймагында жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан Баткен районунда 84 чакырым 806 метр, Лейлек районунда 31 чакырым 152,5 метр аралык тосулду.

Мындан сырткары, чек ара тосмосун бойлой 176 чакырымдык жол салынды.