"Эркин-Тоо"

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 1,11 чакырымы макулдашылды

2024-жылдын 11-февралынан 18-февралына чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чечиле элек аймактарда биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 1,11 чакырымы боюнча макулдашты.Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантат.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!