24-29-март аралыгында Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялартопографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 28,37 чакырымын макулдашты.
Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды аныктоо боюнча ишти улантышат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.