"Эркин-Тоо"

Кыргыз тили боюнча тесттин жыйынтыгы окууга тапшырууга эч кандай таасир этпейт

Кыргыз тили боюнча тесттин жыйынтыгы окууга тапшырууга эч кандай таасир этпейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Докдуркүл Кендирбаева билдирди.

Министр быйыл ЖРТга кыргыз тили боюнча тесттин киргизилген себебин бүтүрүүчүнүн мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билерин аныктоо максаты менен түшүндүрдү.

«Анын жыйынтыгы окууга тапшырууга эч кандай таасир этпейт», — деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү министрлиги Кыргызстанда мындан ары абитуриенттер жогорку окуу жайга (ЖОЖ) тапшырганда милдеттүү түрдө кыргыз тилинен тест берерин билдирген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!