Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору болуп дайындалган cаясий илимдеринин кандидаты, профессор Ибраев Алмаз Орозакунович 7-май күнү жаңы кызматына киришти. Маалыматты аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейинки биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова кызматын cаясий илимдеринин кандидаты, профессор Ибраев Алмаз Орозакуновичке ѳткѳрүп берди.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин катышуусунда өткөн аземде ректор, профессор Алпаслан Жейлан үзүрлүү эмгеги үчүн Бактыгүл Каламбековага ыраазычылык билдирип, анын эмгек жолунда ийгиликтерди каалады. Бактыгүл Каламбекова да бул ардактуу милдетти аткарууга мүмкүнчүлүк берген Камкорчулар кеңешине жана бардык жетекчилерге ыраазычылык билдирди.
Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жаңы биринчи проректор Ибраев Алмаз Орозакуновичке университеттин төш белгисин тагып, ийгиликтерди каалап, жемиштүү кызматташабыз деген үмүтүн билдирди.
Жаңы биринчи проректор мындай маанилүү кызматка дайындалганы ал үчүн сыймык экенин айтып, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ишмердүүлүгүнө салым кошууга кубанычта болорун баса белгиледи





