"Эркин-Тоо"
Маданият

Кыргыз улуттук драма театрынын 98-сезону жыйынтыкталды

Кечээ, 26-июнда, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын 98-театралдык сезону режиссёр Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган Кайрат Иманалиевдин “Акыркы кат” спектакли менен жыйынтыкталды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары — Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев, Маданият министри Мирбек Мамбеталиев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Төрөкул Айтматов менен Нагима Айтматованын кызы Роза Айтматова, маданият жана искусство тармагынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Спектаклде Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүдөн баштап, элибиздин келечеги үчүн жан үрөгөн улуу инсандардын, анын ичинде көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун эрдиги, ошондой эле 20-кылымдын 20-30-жылдарындагы тагдырлар чагылдырылды. Автор калыптануу жылдарынын катаал сыноолорундагы энелердин тагдырын, алардын сынбаган эрдигин Нагима Айтматованын өмүр жолу аркылуу көрсөткөн.

“Акыркы кат” Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү даталарга — Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Төрөкул Айтматов менен Нагима Айтматованын 120 жылдык мааракелерине арналган.

Белгилей кетсек, спектаклдин бет ачары 2025-жылдын 11-мартында өткөн жана ал Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен даярдалган.

Сүрөттөр: Маданият министрлигинин маалымат кызматы