Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Шөкүлө” көргөзмөсү бүгүн, 20-апрелде саат 15.00дө ачылат. Бул долбоорду “Жаштар Демилгеси” кичи гранттар программасынын негизинде “ИСУР” коомдук фондунун колдоосу менен “Улуу Дара” коомдук фондунун жетекчиси Анара Керимбекова ишке ашырган.
Көргөзмөнү ачуунун алкагында дизайнерлердин жардамы менен баш кийимге жаңы түс, жаңы өң берилген. Буга чейинки советтик изилдөөчүлөрдүн маалыматтарына ылайык, эл арасында шөкүлөнүн нукуралуулугу дээрлик сакталган эмес.
“Шөкүлө” долбоорунун жетекчиси Анара Керимбековага кайрылганыбызда кыздардын баш кийими тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.
— Өз убагында советтик этнографтар Ф.Фиельструп жана К.Антипина тарабынан топтолгон кыргыз аялдарынын баш кийимдеринин ичинен болгону үч уникалдуу шөкүлө Кыргыз Улуттук тарых музейинин фондунда сакталып калган. Элдин тарыхын, маданиятын, аны менен бирге башка элдердин маданиятынын таасирин, социалдык статусун, жаш өзгөчөлүктөрүн жана көп башка нерселерди баш кийим боюнча билүүгө мүмкүн болгон. Аял баш кийими шөкүлөнү алып карасак, ал сакралдык жана статустук мүнөзгө ээ болгон. Байыркы мыкты чеберлер жана зергерлер шөкүлөнү жасалгалоодо аны тиктирип жаткан адамдын мүмкүнчүлүгүнө жараша чыныгы укмуштуудай кереметти жаратышкан. Ар бир буюмга коротулган күч, убакыт, билгичтиктер чеберчилердин жан-дүйнөсүнүн бир бөлүгүн тартуулаганга барабар болгон, — дейт Анара Керимбекова.
Шөкүлөнүн философиясы өтө тереңде экекнин билебиз. Тагыраагы, кыргыз элинде кызды турмушка узатуу салтына өзгөчө маани беришкен жана ата-энеси кызын үйүнөн узатып жатып ага баталарын беришкен. Ал батанын мааниси – кыздын энеси өз колу менен тигип жана жасалгалаган шөкүлө аркылуу түшүндүрүлгөн. Шөкүлөнү жасалгалоодо – эненин кызына аман-эсендикти, үй-бүлөлүк бактылуу жашоону каалагандыгын билдирген.
“Шөкүлө” көргөзмөсүн ачууга көмөктөшкөн адистер А.Алымова жана Б.Мидинова Кыргызстандын музейлери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, ошондой эле элдик чеберлер, колдонмо искусствонун сүрөтчүлөрү, салттуу билимдердин сактоочулары менен жолугушуп, сурамжылоолорду өткөрүшкөн. Мындан сырткары кесипкөй дизайнерлер А.Майташева жана З.Мукамбетова изилдөөчүлөрдүн жана тарыхый базалык материалдардын негизинде, азыркы мезгилдеги жеткиликтүү табигый материалдарды жана эски нукура материалдарды: кийиз, жибек, парча, бейкасан, тери, куштун канатын, ошондой эле декор үчүн табигый коралл, бермет, күмүш, ж.б. баалуу таштарды колдонуп, өз чыгармачылык салымдарын кошуу менен аял баш кийимине түстү жана декорду айкалыштырып, азыркы мезгилдин стилине ылайыкташтырылган шөкүлөлөрдү түзүүгө аракет жасашкан.
Көргөзмөдө: Аида Майташева 11 шөкүлө, Зухра Мукамбетова 8 шөкүлө, дизайнер Зуура Турдубаеванын, чебер Калия Карашева жана “Тумар Арт группасы” тартуулаган автордук шөкүлөлөр коюлат.
too.kg/?attachment_id=6940″ class=»wp-image-6940″/>
too.kg/?attachment_id=6943″ class=»wp-image-6943″/>
too.kg/?attachment_id=6944″ class=»wp-image-6944″/>
too.kg/?attachment_id=6945″ class=»wp-image-6945″/>
too.kg/?attachment_id=6946″ class=»wp-image-6946″/>
too.kg/?attachment_id=6947″ class=»wp-image-6947″/>
too.kg/?attachment_id=6948″ class=»wp-image-6948″/>
too.kg/?attachment_id=6949″ class=»wp-image-6949″/>
Асел Барыктабасова