"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Кыргыз велоспортчулары Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын велоспорт боюнча курама командасы Сауд Арабиясында өтө турган Азия чемпионатына катышат. Шоссе боюнча 45-Азия чемпионаты 4–13-февраль күндөрү Бурайда шаарында уюштурулат.

Курама команданын курамында ар түрдүү курактык жана спорттук категориядагы 16 спортчу бар. Кыргызстандын велоспортчулары мелдешке катышуу үчүн 3-февралда Сауд Арабиясына жол тартышты.