Бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-венгер биргелешкен комиссиясынын 3-жыйыны өтөт. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара КР экономика министри Данияр Амангелдиев менен Венгриянын тышкы иштер жана соода министрлигинин эки тараптуу мамилелер боюнча мамлекеттик катчысы Тамаш Менцердин төрагалыгы алдында өтөт.
Кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-жыйынынын жыйынтыгы боюнча тараптар соода-экономика, инвестиция, айыл чарба, туризм, экология, фармацевтика, энергетика, билим берүү жана башка тармактарда кызматташууну камтыган протоколго кол коюшат.
Визиттин алкагында Венгрия делегациясынын башчысы Т.Менцер мырза менен КР экономика министри Данияр Амангелдиев жана КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басарынын ортосунда эки тараптуу жолугушуулар уюштурулат.