Фразеологизмдер — бул жөн эле сөз айкаштары эмес. Алар элдин тарыхын, сезимин, жашоого болгон көз карашын чагылдырат. Кыргыз жана кытай тилдериндеги фразеологизмдерди салыштыруу аркылуу эки элдин маданияты тууралуу көп нерсени билсе болот. Алардын окшош жактары да, айырмачылыктары да бар жана алар абдан кызыктуу.
Коркуу, ачуулануу жана жакшы сөздөр
Кытай элинде адам катуу корккондо «жаны учуп кетти» деген мааниде «魂飞魄散» деген фраза колдонулат. Кыргызда болсо «жаны чыкты» деп айтабыз. Экөөндө тең коркуу — жан денеден чыгып кеткендей абал деп сүрөттөлөт.
Ачуулануу темасына келгенде, кытайлар «怒发冲冠» деп, «ачуудан чачы тик туруп, башындагы таажысы да учуп кетти» дешет. Кыргызда болсо «каны кайнап кетти» дешет. Эки эл тең ачууну денедеги өзгөрүү аркылуу түшүндүрүшөт.
Жакшы сөз тууралуу кыргыздар «тили балдай таттуу», «тилден бал тамат» дешет. Кытайларда «甜言蜜语» — «таттуу сөздөр» деген фразеологизм бар. Эки тилде тең жакшы сөз балга салыштырылат.
Акылды жана ойлонууну сүрөттөгөн сөздөр
Кээ бир фразеологизмдер эки тилде тең окшош. Маселен, кыргызда «бир ок менен эки коён атуу» десек, кытайчада «一箭双雕» — «бир жаа менен эки бүркүттү атуу» деп айтылат.
Бирок ар дайым эле фразеологизмдер окшош боло бербейт. Мисалы, кыргызда «Чычканга кебек алдырбаган» деген өтө сараң кишини сүрөттөгөн сөз болсо, кытайда «城狐社鼠» — «шаардагы түлкү менен ибадаткананын чычканы» — куу, митаам чиновниктер жөнүндө айтылат. Экөөндө тең жаныбарлар мисал келтирилген, бирок мааниси башка.
Жүрөк — сезимдин ордосу
Кыргыздар да, кытайлар да жүрөктү сезимдин борбору катары эсептешет. Бизде «жүрөгү түшүп кетти», «жүрөк көтөрдү», «жүрөгү жок» деген сөздөр бар. Кытайларда болсо «心惊肉跳» — «жүрөгү коркуп, эти дирилдеди» же «伤心欲绝» — «жүрөгү кайгыдан жарылып кетти» деген фразалар колдонулат. Бул эки эл тең сезимди жүрөк менен байланыштырганын көрсөтөт.
Жыйынтык
Кыргыз жана кытай фразеологизмдерин салыштыруу — бул жөн гана тил үйрөнүү эмес. Бул эки элдин жашоого, сезимге, акылга жана маданиятка болгон көз карашын түшүнүүгө жардам берет. Ушундай салыштыруулар элдердин ортосунда өз ара түшүнүшүүгө, достук мамилени бекемдөөгө чоң салым кошот.
Нурдинова Бегимай