2023-жылдын 28-июлунда КР Уулу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.К.Джусупов жана Уулу Британиянын КР Элчиси Н.Боулер Уулу Британиянын Өкмөтүнүн Seasonal Workers Programme аттуу айыл-чарбалык ишканалары үчүн сезондук жумушчулар боюнча атайын программасынын алкагында кыргыз жарандары эмгек ишмердигин жүргүзүп жаткан Англиянын түштүгүндөгү бир катар фермаларды көрүү максатында иш-сапары болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган жумушчу сапардын алгагында эки өлкөнүн элчилери Кыргызстандын жарандарынын жумушчу, тиричилик жана жашоо шарттары, ошондой эле коопсуздук эрежелерин сакталышы менен таанышып чыгышты.
Британиялык тарап Кыргызстандан келген жумушчулардын артыкчыктарын, алардын ичинде эмгекчилигин, жоопкерчилигин, миграциялык эрежелерин так сактоону белгилешти. Мындай баа Кыргыз Республикасы үчүн эмгек квотасынын жогорулатуусуна позитивдик таасир берет.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн дипломаттары фермердик чарбалардын ээлери жана «Hops» британиялык оператору менен жолугушууларды өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча Элчи У.Джусупов Кыргыз Республикасынын жана Улуу Британиянын фермердик чарбаларынын ортосундагы кызматташтыкты түзүү, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, өндүрүүнү уюштуруу, сактоо, сорттоо жана таңгактоо боюнча британдык тажрыйбаны киргизүү боюнча долбоорду ишке ашырууну сунуштады. Британия тарабы бул сунушту, сезондук жумушчулар боюнча атайын программасынын алкагында К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин студенттери үчүн айыл чарба практикасын уюштуруу менен бирге карап чыгууга даяр экендигин билдирди.
Маалымат иретинде: Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилигинин көмөгү менен КРнын Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун жана жана британиялык ARGI-HR, Proforce, “Fruitful” жана “Hops” операторлорунун ортосунда Улуу Британияда айыл чарба тармагында сезондук жумуштарга жарандарды уюшкан түрдө тартуу жана ишке орноштуруу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлган.
Аталган келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын 18 жаштан 46 жашка чейинки жарандарына Улуу Британиянын (Ирландиянын, Шотландиянын, Уэльстин жана Англиянын) айыл чарба фермаларында келишимдер аяктагандан кийин Кыргыз Республикасына кайтып келүү милдети менен бирге мүмкүнчүлүгү түзүлүп берилди.
Улуу Британиянын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасы үчүн квотасынын саны эң көптөрдүн бири болуп саналып, 2023-жылга карата 8 миң сезондук жумушчуларды түзөт.