"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргыз жарандарын Жапонияга ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү кеңеет

Кыргызстан менен Жапония уюшкан түрдө ишке орноштуруу жаатындагы кызматташтыгын күчөтүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Япониянын IM Japan уюмунун президенти Канамори Хитоши баштаган делегация менен болгон жолугушууда билдирди.

Тараптар Жапонияга жумушка баруучу кыргызстандыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгышты. Маалыматка караганда, кыргыз тарап IT, тейлөө, социалдык кызматтар жана жумушчу адистиктер боюнча талапка жооп берген кадрларды даярдоого даяр. Ошондой эле чет өлкөгө кетерден мурун жарандарды тил жана кесиптик жактан окутуу маселеси да талкууланды.

Министр бул кызматташтыктын расмий, көзөмөлгө алынган ишке орноштуруу жолдорун түзүп, жарандар үчүн коопсуз шарттарды камсыздоону максат кыларын белгиледи.