Былтыр Россиянын 23 миңден ашуун жараны кыргыз жарандыгын алуу үчүн арыз берген. Бул тууралуу Калкты каттоо департаментинин жетекчиси орун басары Бекзат Ибраимов парламент отурумунда билдирди. «Статистика боюнча 2024-жылы 23 миңден ашуун арыз түшкөн. Бирок анын ичинен миңден ашуун гана документ берилген. Калгандарына баш тартылган», — деп айтылат маалыматта.