"Эркин-Тоо"

Кыргыз жараны 103 миң долларды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган

Кыргызстандык жаран 103 миң 200 АКШ долларын өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу КР Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  “Достук-автожол” өткөрүү жайынан чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда 37 жаштагы К.А. аттуу жарандын жанынан чет элдик валютадагы акча табылган. Табылган акчанын жалпы суммасы 103 миң 200 АКШ долларын (9 млн 217 миң 276 сом) түзгөн. Ал акча каражаттарын декларациядан өткөрбөй туруп алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана акча каражаттар андан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эскерте кетсек, Кыргызстандан чет элдик валютаны накталай алып чыгууга убактылуу тыюу салынган:

  • резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден көп накталай АКШ доллары суммасында;
  • КР жарандарына жана резиденттерине 10 миңден көп накталай АКШ доллары суммасында.

КР жарандары жана резиденттери 10 миңден көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10% өлчөмүндө төлөм алынат.