"Эркин-Тоо"

Кыргызcтандын улуттук курама командасы Азия оюндарына катышат

 Кыргызcтандын улуттук курама командасы 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтчү Азия оюндарына катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, оюндар төрт жылда бир өткөрүлүп, ага 40тан ашуун өлкөнүн спортчулары катышат. Азия оюндарынын программасына жалпы 42 спорттун түрү киргизилген, анын ичинен кыргызстандык спорчтулар 23 спорттун түрүнөн катышат.

Белгилей кетсек, Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Джакарта шаарында өтүп, Кыргызстандын улуттук курама командасы 2 алтын, 6 күмүш жана 12 коло медаль жеңген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!