"Эркин-Тоо"
Маданият

Кыргыздын өчүп бараткан баалуулуктары жанданууда

Гапар Айтиев атындагы сүрөт өнөр музейинде улуттук баш кийимдердин көргөзмөсү болуп өттү. Бул иш-чара «Улуу Дара» фондунун жетекчиси Анара Керимбекованын жана «Туруктуу өнүктүрүү стратегиялары институтунун» колдоосу менен уюшулду.

Иш-чарага жалпысынан 50гө жакын адам катышып, «Шөкүлө» долбоору менен жакындан таанышып кетишти.

«Биздин негизги максатыбыз улуттук баш кийимдерибиздин баалуулуктарын жаштарга жеткирүү. Ата-бабаларыбыз баш кийимге өтө терең маани берип келишкен. «Шөкүлө» долбоору жаштарга стимул болуп, улуттук  кийимдерди кайрадан жандандырат деген үмүттөбүз»,- дейт уюштуруучу топтун жетекчиси Анара Керимбекова.

Көргөзмөгө художник,дизайнер, уз-чеберлердин колунан жасалган баш кийимдер коюлду. Зуура Мукаметованын- 8, Аида Майташованын — 10, Зуура Турдубаеванын — 3 жана башка чеберлердин колунан чыккан шөкүлөлөр дагы көргөзмөнүн көркүн ачып турду.