"Эркин-Тоо"

Кыргыздын алгачкы журт башчысы – Абдыкадыр Орозбеков

Өз элинин эркиндиги, жаркын жашоосу үчүн өмүрүн тобокелге салып, башын канжыгага байлаган эр азаматтары ар качан болуп келген. Тарыхты мына ушундай инсандар жаратат. Эгемен Кыргыз мамлекети үчүн жан үрөп күрөшкө чыккан, эмгеги менен элдин эсинде калган журт сыймыгы болгон атуулдарыбыз ар дайым сый-урматка бөлөнөрү талашсыз. Тарыхтын алтын барактарында өчпөс из калтырган мына ушундай инсандарыбыздын бири алгачкы журт башчысы, Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу комитетинин тунгуч төрагасы Абдыкадыр Орозбеков. Анын күрөш менен өмүр сапарын арыткан мекенчилдиги улутубуздун сыймыгы. Армандуу тагдыры өлчөөсүз өкүт болуп жылдарды коштоп келет.

1889-жылы азыркы Баткен облусундагы Кадамжай районунун Охна кыштагында көз жарган Абдыкадыр Орозбеков, балтыр эти ката электе жетимдиктин азабын тартып, наабайчыга жалданып иштеген өспүрүм Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөөгө салым кошорун ошондо билди бекен… 1916-жылы Түркстан элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө таасирленген жаш жигит, эл эркиндигин эңсеген көтөрүлүшчүлөрдүн арасында чечкиндүү мүнөздөрү менен өзүн көрсөтө алган экен. Албетте, кыргыз баласына таандык тайманбастыгы, шар, ачык мүнөзү революциячыл чөйрөнү өзүнө тартып, 1918-жылдан Фергана облусуна караштуу Чимиондогу жергиликтүү аткаруу комитетинин төрагасы болуп дайындалат. Ошол эле жылдары большевиктер партиясынын катарына өтүп, кызыл гвардиянын отрядын жетектейт. Басмачы, корбашылар менен кыл чайнаша күрөшөт. Өзүнүн позициясынан тайбай, революциячыл духтагы жалындуу сөздөрү менен айыл-кыштактардагы дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Анын саясий арымы кеңейип, Эл депутаттарынын Фергана облустук Советине депутат, Маргалан райондук жана шаардык аткаруу комитетинин президиумунун мүчөсү болуп шайланган. 1922-жылы ноябрда А.Орозбеков Фергана областынын Советтеринин XII съездине катышкан.

Совет мамлекети бийликке келгенден кийин республикалык масштабдагы ишмердүүлүгү кулач жайды. Ош округдук эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы, катчысы болуп иштеп, жетекчи катары калыптанды. 1925-жылдын 31-мартында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун биринчи уюштуруу курултайында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин Президиумунун Төрагалыгына шайланган. 1926-жылы Тоолуу Кара-Кыргыз облусунун жумушчу, дыйкан жана аскерлерден турган депутаттар советинин уюштуруу съездине делегат болуп, анда Тоолуу Кара-Кыргыз областтык АКнын (Аткаруу Комитетинин) Төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган жана алгачкы журт башчысы милдетин аркалаган.

Абдыкадыр Орозбеков Кыргыз АССРнин Конституциясын иштеп чыгууга, Кыргыз АССРинин түзүлгөнү тууралуу декларациянын долбоорун даярдоого эбегейсиз салым кошкон. Ал ВКП(б)нын XV, XVI, XVII съезддеринин ишине активдүү катышып, Бүткүл россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин жана СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин мүчөлүгүнө, Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу Комитетинин Бюджет комиссиясынын мүчөлүгүнө, Орто Азия экономикалык Советинин президиумунун мүчөлүгүнө, 1936-жылы Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.

Карапайым калктын сабатсыздыгын жоюуда А.Орозбековдун орду өзгөчө. 1930-1931-жылдары жалпы журтту агартуу максатында кыргыз алфавитин негиздөө боюнча борбордук комиссияны жетектеп, бул жаатта ийгиликтүү иштерди жүргүзгөн. Жетекчиликке келген 12 жыл ичинде Кыргызстан экономикалык, коомдук жана маданий жактан алгылыктуу өнүккөн мезгил эле. Анын жетекчилиги астында кыргыз жана орус драма театрлары, бир катар жогорку окуу жайлар, мамлекеттик филармония курулган. 1933-жылдан Ленинград менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер жөнүндө келишимге кол койгон. Республиканын өнөр жайын жаңыртууга СССР илимдер Академиясы жана Ленинграддагы, Москвадагы, Харьковдогу, Ташкенттеги илимий мекемелер эбегейсиз зор салым кошкон.

Фергана өрөөнүнүн аймагында Совет бийлигин орнотууга кошкон салымы үчүн А.Орозбеков 1924-жылы Түркестан Республикасынын “Алтын белгиси” менен, 1932-жылдын 3-майында республиканы өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери үчүн Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

1937-жылдын соңундагы кандуу репрессия кыргыздын төбөсү көрүнгөн азаматтарын негизсиз камап, акыр-аягы алардын өмүрүн алды. Мындай адилетсиз чечимге Абдыкадыр Орозбеков да кабылган. Ал «Туран» улуттук партиясынын мүчөсү деген жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынган. Бир катар санаалаштары менен бирге «эл душманы» жалаасы жабылып атылган кезинде 49 жашта эле. Анын сөөгүнүн кайсыл жерге көмүлгөндүгү азыркыга чейин белгисиз.

Абдыкадыр Орозбеков «эл душманы» деп аталып өлтүрүлгөндө анын артында жубайы Адалат, эки уулу жана бир кызы жетим калган. Алар да башка репрессия курмандыктарынын үй-бүлөлөрү сыяктуу адилетсиз куугунтукка кабылышкан. Атургай аты-жөнүн өзгөртүп жер которуп, бекинип жашоого аргасыз болушкан.

Абдыкадыр Орозбеков – 1956-жылы 21-майда КП БК тарабынан акталган.

Ошол учурдагы кыргыз саясий элитасында “Аксакал” деген сый-урматка бөлөнгөн атка ээ болгон Абдыкадыр Орозбековдун Кыргыз мамлекетинин жаралышына кошкон салымы ар качан айтылып келгени менен, анын саясий-тарыхый бейнеси ушул күнгө чейин толук ачыла элек. Кыргызстандын мурдагы президенти А.Акаевдин «Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» элдик эпосу» аттуу китебинде кеңеш доорундагы бир топ мамлекеттик ишмерлер аталып, бирок А. Орозбековдун аты аталбай калганы дагы нааразы пикирди жараткан. Анын мекенчилдик позициясы, тайманбастыгы, алысты көрө билген кыраакылыгы жаш муундарга үлгү болору талашсыз. Арийне, улуу муундагы чыгаан инсандарыбыздын тагдырларын ар тараптан жана калыс изилдөө – биздин милдетибиз.

Шекербек Калыков