Бишкектеги ОБСЕ академиясында биздин кесиптешибиз Чолпон Орозобекованын англис тилинде Швейцарияда жарыкка чыккан “Чет элдик согушчандар (боевиктер) жана дүйнөдөгү тынчтык: глобалдуу жихадчыларга кошулуу жана үйгө жол” аттуу салмактуу аталыштагы китебинин бет ачары болду. Китептин аты эле салмактуу болбостон анын мазмуну да терең жана актуалдуу экендигин андагы катышуучулардын сүйлөгөн сөздөрүнөн жана берилген суроолордон байкоого болот. ОБСЕ академиясынын директорунун милдетин аткаруучу Индира Сатаркулова, Академиянын окутуучулары Эмил Жураев, Елена Жирухина китепке карата өз ойлору менен бөлүштү. Чолпон Орозобекова өзүнүн китеби жөнүндө кеңири маалымат берип, китепте “чет элдик согушчандардын феноменине жасалган анализ гана эмес, глобалдуу жихадчыларга кошулган айрым адамдардын, айрыкча аялдар менен балдардын реалдуу турмуш тажрыйбасы жана башынан өткөргөн кыйынчылыктары топтолгон” деп белгиледи.
Катышуучуларды дүйнөдөгү тынчтыкка чет элдик согушчандардын таасири, алардын өз өлкөлөрүнө кайтуусу, согушчандарды жана алардын үй-бүлөсүн азгырууну токтотуу жолдору жана автордун бул теманы изилдөөгө эмне түрткү болгону жөнүндө жана башка суроолор кызыктырды.
Чолпон Орозобекова учурунда “Асаба” гезитинде иштеп, идиректүү журналист катары элге таанылган. Андан кийин “Де-факто” гезитин түптөгөн. Гезит коомдогу актуалдуу проблемаларды ачык-айкын жана калыс чагылдырып, окурмандардын сүйүктүү гезитине айланганы азыр да элдин эсинде. 2008-жылы Чолпон Орозобекова үй-бүлөсү менен Швейцарияга кетишкен. Швейцарияда дээринен эмгекчил Чолпон англис тилин үйрөнүп, Женева университетинин Эл аралык мамилелер жана саясат таануу адистиги боюнча жогорку билим алууга жетишти. Ал жакта Булан институтун ачып, учурда аталган институт эл аралык деңгээлдеги таанымал институтка айланып отурат.
Чолпон Орозобекова БУУнун долбоорлорунда терроризм боюнча эксперт. Эл аралык деңгээлдеги терроризм, коопсуздук темалары боюнча чоң жыйындарда талкууларга катышып, ой-пикир, сунуштарын айтып жүрөт. Ал ийгиликтүү айым катары БУУнун “126 жүрөктүн кагышы” аттуу мааракелик китебине кирген.
Кыргыз кызынын карандай мээнети менен жаралган мындай ийгилик биз үчүн чоң сыймык. Кесиптешибиз Чолпон Орозобекова үчүн сыймыктуу сезим англис тилинде өткөн китептин бет ачаарында жүрөгүбүздө толуп-ташып турду.
Бегим ТУРДАЛИЕВА
№28 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-апрели