Кыргызстандык Брюс Ли — Нурмухаммад Ташмаматов нунчак менен «Теннис тобун тез ыргытуу» боюнча Гиннестин рекорддор китебине катталуу алдында турат. Тагдыр чечүүчү видео бүгүн Бишкек шаарында тартылды. Нурмухаммад Ташмаматов буга чейин рекорддун эки баскычын ийгиликтүү өткөн. Бүгүнкү видео сынактын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп саналат. Уюштуруучулардын айтымында, видео калыстардын жана күбөлөрдүн катышуусунда тартылып, Гиннес китебинин секретариатына жөнөтүлмөкчү.