"Эркин-Тоо"
Аба ырайы Жаңылыктар

Кыргызгидромет билдирүү таратты

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 14-15-август күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда нөшөрлүү жаан-чачын жаап, тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды тоолордо жана дарыя жээктеринде эс алуудан алыс болууга чакырат. Ошондой эле турак үйлөрдүн айланасында жаан суулары агып өтө турган арыктарды даярдоо сунушталды.