“Кыргызиндустрия” ААКнын президенти Жарасул Абдураимов академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик Геология, тоо-кен иши жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетинин ректору Акылбек Маралбаев менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду.
“Тоолуу өлкөбүздө пайдалуу кендер көп. Мына ошол колдо болгон мүмкүнчүлүктү максаттуу пайдалануу үчүн экологиялык коопсуздукту камсыздоочу заманбап инновациялык технологиялар боюнча билими бар кадрлар керек.
“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун башкы милдети – өлкөнүн экономикасын көтөрүү болуп саналат, анын ичинде кен иштетүү тармагын өнүктүрүү негизги маселелердин бири”, — дейт Абдраимов
Ал эми университеттин ректору А. Маралбаев “Кыргызиндустрия” ААК жаңы иш орундарды түзүп, элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу жаатында иш жүргүзүп жаткандыгын колдоо менен кадрларды даярдоодо университет экологиялык коопсуздукка, кен тармагында заманбап инновациялык технологиялардын колдонулушуна өзгөчө көңүл буруп иш жүргүзүп жаткандыгына токтолду.