"Эркин-Тоо"

“КЫРГЫЗИНДУСТРИЯ” ААКНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ “DIGITAL ALMATY 2023” ФОРУМУНА КАТЫШТЫ

photo1675682265 (2)
photo1675682265 (1)
photo1675682265 (3)
photo1675682265
photo1675682265 (4)

Алматы шаарында (Казакстан) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусу менен “Digital Almaty 2023” эл аралык форуму болуп өттү. Иш-чарага “Кыргызиндустрия” ААКнын Илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук иштер жана инновациялык долбоорлор боюнча вице-президенти Советбек Сарбанов катышты.

“Кыргызиндустрия” ААКнын вице-президенти Форумдун алкагында “ЕАЭБ өлкөлөрүндө инновацияларды өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо” аталыштагы панелдик сессияга баяндамачы катары катышып, “Кыргызиндустрия” ААКнын иштери жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле сессияда чет өлкөлүк эксперттердин катышуусу менен инновацияларды колдоодогу эл аралык тажрыйба, технологиялардын трансфери, алдыдагы иш-чаралар жана кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында “QazInnovations” менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлуп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн (Армениянын, Россиянын, Казакстандын) өкүлдөрү менен B2B жолугушуулар, ошондой эле бизнестин өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!