"Эркин-Тоо"

Кыргызстан тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатында 19 медаль жеңди

Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча курама командасы Азия чемпионатында 19 медаль (3 алтын, 2 күмүш, 14 коло) жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 4-12-август күндөрү Монголиянын Баян-Өлгей шаарында өттү.

Белгилей кетсек, мелдешке 10 мамлекеттин (Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Бангладеш, Кытай, Филиппин, Орусия Федерациясынын Алтай жана Саха Республикалары, Өзбекстан, Түркия, Туркмөнстан) 200гө жакын спортчусу катышты.

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!