"Эркин-Тоо"

Кыргызстан өнөр жай өндүрүшү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алдыга чыкты

Кыргызстан 2023-жылдын январь-апрель айларында Евразиялык экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдөн өнөр жай өндүрүшү боюнча алдыга чыкты. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия расмий сайтында жарыялады.

Маалыматта 2023-жылдын январь-апрель айларындагы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча рейтинги жазылган. Анда быйыл өнөр жай өндүрүшү 2022-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 0,9 пайызга өскөн.

Алсак, Кыргызстанда — 4,6 пайыз,
Казакстанда – 3,5 пайыз,
Арменияда — 2,4 пайыз,
Беларуста — 2,3 пайыз,
Орусияда – 0,6 пайыз.

Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүндө айыл-чарба өнүмдөрүн өндүрүү былтыркы жылга салыштырмалуу 3,1 пайызга өскөн. Бул көрсөткүчтө Беларусь өлкөсү алдыңкы сапта жайгашкан.

Беларуста — 3,7 пайыз,
Казакстанда – 3,6 пайыз,
Орусияда — 3 пайыз,
Кыргызстанда — 2 пайыз,
Арменияда — 0,8 пайыз.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!