Кыргызстанда биринчи улуттук стейблкоин — KGST расмий түрдө чыгарылды. Бул тууралуу Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук агенттиктин секретариаты билдирди.
Маалыматка ылайык, KGST токени BNB Smart Chain (BSC) блокчейнинин негизинде иштелип чыгып, аудиттик текшерүүдөн өткөн. Ал улуттук валюта — сомго 1:1 катышта байланган. Анын резервдик камсыздоосу мамлекеттик банктарда сакталат, ал эми коопсуздук жана колдонуучуну аныктоо процесстери стейблкоин KYC/AML эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
Биринчи баскычта KGST Кыргызстандагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү криптобиржаларда колдонууга чыгат. Кийинки этапта долбоорду Binance жана Coinbase сыяктуу ири эл аралык аянтчаларда жайгаштыруу пландалууда.
Мындан тышкары, жакын арада KGSToken үчүн өзүнчө мобилдик колдонмо да сунуштала турганы белгилүү болду. Стейблкоиндин эмиссиясын ОсОО “KGSTOKEN” компаниясы жүргүзгөн.

