"Эркин-Тоо"
Экономика

Кыргызстан 20 жыл аралыгында жолдорду оңдоого 2,5 млрд доллар карыз алган

Кыргыз Өкмөтү акыркы 20 жыл ичинде жолдорду курууга жана оңдоого 2,5 млрд доллар кредит алган. Бул тууралуу Транспорт архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Уланбек Калманбетов Жогорку Кеңештин экономика жана финансы комитетинин бүгүнкү 8 — июнда болгон жыйынында билдирди.

«Кыргызстан жолдорду салууга жана оңдоого 20 жыл аралыгында 2,5 млрд доллар кредит алган», — деди Калманбетов депутат Айнура Осмонованын суроолоруна жооп берип жатып.

Анын айтымында алынган карыздардын төлөөнүн негизги мөөнөтү 2022-2023 -жылдарга туура келет.

«Бул жылдар аралыгында биз жыл сайын 5,6 млрд сомдон 9 млрд сомдун тегерегинде төлөшүбүз керек», — деп түшүндүрдү министрдин орун басары.

Өз учурунда депутаттар Бишкек -Ош жолунун Жалал -Абад облусунун Ноокен районундагы жолдун тилкесинин кеийиштүү абалына көңүл буруусун талап кылышты.

«Ноокендеги жолдун абалы абдан начар. Бул боюнча жүргүнчүлөрдөн да айдоочулардан да көп даттануулуарды угуп жатабыз. Ушуга жакшылап көңүл бурсаныздар», дешти эл өкүлдөрү.