Кыргызстан 20 жылдан кийин ЕБнин авиациялык «кара тизмесинен» расмий түрдө чыгарылды
2026-жылдын 9-июнунда саат 12:00дө (Брюссель убактысы боюнча) Европа Комиссиясынын өкүлү Анна-Кайса Итконен Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча «кара тизмесинен» расмий түрдө чыгарылганын жарыялады.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул чечим Кыргызстандын жарандык авиация тармагында жүргүзүлгөн көп жылдык реформалардын, эл аралык коопсуздук стандарттарын аткаруу боюнча жасалган системалуу иштердин жана авиация тармагындагы көзөмөлдү күчөтүүнүн жыйынтыгы болду.
Адистердин айтымында, аталган кадам Кыргызстан үчүн эл аралык авиация рыногунда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Европа багытындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Бул — өлкөнүн авиация тармагындагы тарыхый учур жана чоң жетишкендик.