Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган XXXIV Жайкы Олимпиада жана XVIII Паралимпиада оюндарына даярдык көрүүгө арналган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Эдил Байсаловдун айтымында, алдыдагы Олимпиадага сапаттуу даярдык көрүү өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат.
«Биздин негизги максат — мүмкүн болушунча көп лицензия утуп алуу. Олимпиадада ийгиликтүү чыгуу — бул Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бардык мамлекеттик жана жергиликтүү органдар, спорт федерациялары спортчулардын даярдыгы жана катышуусу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү,» — деди Байсалов.
Жыйындын жүрүшүндө Дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттик 2028-жылкы Олимпиада жана Паралимпиадага даярдык көрүү боюнча атайын планды сунуштап, ал кеңири талкууланды.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан спорттун 14 түрү боюнча 30га жакын лицензия, анын ичинде фехтование, байдарка жана каноэде сүзүү, оор атлетика, таэквондо сыяктуу түрлөрдөн жолдомо алууну көздөп жатат. Паралимпиада боюнча болсо, 4 спорт түрүнөн 4 лицензия утуп алуу пландалууда.
Спортчуларды 2026–2028-жылдар аралыгындагы эл аралык мелдештерге активдүү катыштырууга, каржылоону көбөйтүүгө, спорттук мекемелердин инфраструктурасын жакшыртууга жана олимпиадалык форма дизайнын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулмакчы.
Ошондой эле жыйындын алкагында спортчуларга эмгек акы төлөө, Кыргыз медициналык ден соолукту чыңдоо борборунун ишин жандандыруу жана Олимпиада оюндарын телетрансляциялоо маселелери да көтөрүлдү.
Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, жыйын учурунда 2026-жылы Италияда өтө турган Кышкы Олимпиада жана Японияда өтө турган Азиадага даярдык көрүү маселелери да талкууланды.

