Үстүбүздөгү жылдын январь–апрель айларында Кыргызстандан жалпы 13 002,4 тонна сүт азыктары экспорттолду. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 005,3 тоннага көп. Тагыраагы 44,5% өсүштү түздү.
Экспорттолгон негизги сүт азыктары төмөнкүлөр:
- каймак май – 863,4 тонна
- балмуздак – 999,4 тонна
- сыр – 662,3 тонна
- кургак сүт – 363,0 тонна
- шоро – 3,1 тонна
- курут – 0,5 тонна
«Сүт азыктарынын ичинен каймак май, балмуздак жана сыр эң көп көлөмдө сыртка сатылды. Бул эл аралык рынокто өлкөбүздүн продукциясына болгон суроо-талап жогору экендигин айгинелейт. 44,5% өсүш — Кыргызстандын сүт өнөр жайы техникалык мүмкүнчүлүк, сапат жана өндүрүш көлөмү боюнча активдүү өнүгүп жаткандыгын көрсөтөт. Мындай жогору көрсөткүч айыл чарбасын колдоого, фермерлердин кирешесин жогорулатууга жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө болот», — деп билдирди айыл чарба министрлиги.