Дүйнөлүк банк Кыргызстанга абанын булганышы менен күрөшүүгө 50 миллион доллар бөлөт.
Маалыматка ылайык, банктын аткаруучу директорлорунун кеңеши бул чечимди 29-ноябрда бекиткен. Каражат 50 жылдык мөөнөт менен жеңилдетилген насыя катары берилет.
Акча Кыргызстанда абанын сапаты боюнча маалыматтарды чогултууну жана талдоону жакшыртууга, үйлөрдү экологиялык жактан таза жылытуу системасына өтүүгө жардам берүүгө, шаардын жашылдандыруу жана ирригациялык системасын оңдоого жумшалат.