"Эркин-Тоо"

“Кыргызстан адвокаттары ассоциациясынын” президенти Майрамбек Жумабеков: “Тергөө судьясы дегенди жоюш керек”

— Президент Садыр Жапаров тергөө жана сот тармагында бир катар реформаларга барып, кескин бурулуштарды жасап жатат. Мына ушундай шартта бул тармактагы мүчүлүштүктөр болсо айтып, орчундуу жерлерин белгилеп койгон оң болот. Сиз тергөөдөгү кетирилип жаткан кемчиликтер боюнча айтып жүргөнүңүз маалым, чекесин чубай кетпейсизби?

— Ооба, учурда Президент көптөгөн жакшы иштерди аткарып жатат. Бирок, мурда калыптанып калган нерселер толук жоюлуп бүтө элек. Маселен, тергөөдө бир катар кемчиликтер кетип жатат. Бишкек шаарында 4 район болсо, иш козгоо жагынан Союз убагындагыдай өз ара жарышка чыгып алышкан. Биринчи Май району бир айда 15 иш кетирип, Ленин району 5 иш менен чектелсе, өйдө жактагы жетекчилери чакырып алып, “эмнеге иштебей жатасыңар, эмне үчүн ишти аз бердиңер” деп такалап жатышат. Мындайча айтканда, ички иштер бөлүмдөрүндө жалаң статистика менен иш жүргүзүүдө. Биз андайга барбашыбыз керек. Кылмыш козголбосо эле иштебей жатат деген нерсе туура эмес. Илгерки Союздан калган ыкманы ташташыбыз зарыл. Себеби, бул аракет менен өзүбүздүн жарандарды кыйнап жатабыз. СИЗОго бир эле кишини камаганда анын тамагы, тейлөөсү, аны кайтарып, сотко атайын унаа менен жеткиргени бюджетке олчойгон чыгымдарды алып келгени эч кимге жашыруун эмес. Мен камалган бир адамдан мамлекет канча чыгым тартарын тактайын деп бир топ жерге кайрылдым, эч кимисинен жооп болбоду. Бул жерден да өтүнөм, тийиштүү кызматтар бир кишинин камалып жатканынан мамлекет канча чыгым кетирерин бизге тактап бериши керек. Менимче, бул айлап, жылдап отуруп өтө чоң суммага айланат. Ошондой эле шектүүнү камаганда мамлекетке гана эмес, жаранга да зыян келтирип жатабыз. Камалып калган жарандын тамак-ашына эле жүз миңдеген чыгым кетет. Анын ата-энеси же туугандары мүлкүн, унааларын сатып жатышат. Миңдеген үй-бүлө жабыркап, айыпталганы үчүн чоң чыгымга учурап, эч нерсеси жок жардыга айланып калууда. Азыр мындай жагдай өтө көбөйдү.

— Көбөйгөнүнө эмне себеп?

— К.Зулушевдин реформасынын негизинде тергөө судьясы деген кирген. Алар айыпка шектелген адамдардын баарын “оор берене” деп туруп камоо чечимин чыгарып жатат. Мыйзамда өзү кандай негизде камаш керек деген нормалар так көрсөтүлгөн, жашаган жери жок болсо, бөлөк өлкөнүн жараны болсо, мурун соттолгон болсо деген сыяктуу маселелер бар. Алар талданбай калды. Сотко чейинки өндүрүштө тергөөчү шектелген жарандын канчалык күнөөсү бардыгын далилдеп, өтө оор кылмыш жасаганын аныктап, анан гана сотко алып келип камоо чечимин чыгартса баарыбыз макул болмокпуз. Тилекке каршы, азыр көп учурда жөнөкөй эле маселелерде камакка алынып калып жатат. Эки адамдын ортосундагы мамиледе бирине экинчиси карыз төлөй албай калса, алдамчылык деген берененин алкагында камап коюп жатышат. Бул негизи жарандык иш, камабай эле сот аркылуу чечишип алышса болот.

— Канчалык көп камалса, ошончо арбын каражат бөлүнсө керек. Бул жерде жемкорлук болушу мүмкүнбү?

— Болушу мүмкүн, бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жатышы ыктымал. Бирок, СИЗОдо мамлекет берген тамакты жебейт. Ал жакта эптеп тамак аты эле бар. Аргасыздан сырттан алдырышат. Айлап, жылдап отургандар ага чоң акчаларды кетирет. Ушул жерде белгилеп кетейин, мурун тергөө судьясы жок болчу, прокурор карачу. Тергөө судьясы жарандарды камаган нотариуска айланып калды. Мурда айыпталган жаранды тергөөчү камоо тууралуу чечим чыгартуу үчүн прокурорго алып барчу, ал баарын тактайт эле. Прокурор адамды убактылуу камагандан кийин ага жооп берчү. Тергөө судьясы жок кезде сотко чейинки тергөө маалында камалгандар аз эле. Анткени, ар бир кармалган жаранга прокурор жоопкерчилик алып турган. Прокурор тергөөчүгө улам кайрылып, “тергөөнү далилдер менен тезирээк сотко өткөр, же убактылуу камалган жаранды чыгаргын” дечү. Азыр тергөө судьясы талап кылбайт. Прокурорлор өздөрү да камагыла деп чуркап жүрүшөт. Экспертизаларды чыгарып, корутундусун алып, күбөлөрдү беттештирип, далилдер болгондо гана алып келип камоо деген нерсе жоголду. Булар арыз жазылса, эртеси дароо камап жатышат. Анан тергөөчү эмгек өргүүгө кетет, кайра келет, созуп жүрө берет. Камалган жаран айлап, жылдап жата берет. Ток этерин айтканда, тергөө судьясы өзүн-өзү актаган жок. Ошого катар ички иштер органдары ортодогу жарышты токтотуш керек. Азыркы жана мурдагы Жогорку Соттун төрагаларына, Башкы прокурорлорго кирип бул көйгөйлөрдү айтканбыз, жыйынтык жок. Алып келген эле кишини талдабай туруп камагандан баарыбыз зыян гана тартабыз. Тергөө судьялары ишти тыкан караса далай жарандар камалбайт.

— Дүйнөлүк практикада кандай?

— Россияда тергөө судьясы камардын алдында кылмыш ишти толук көрүп чыгып, ошондон кийин камаганга уруксат берет. Бизде тергөө судьясына тергөөчү эки эле токтом алып келет, биринчиси – мыйзамдуулугу, экинчиси – эки айга камоо өтүнүчү. Биз адвокаттар мындай болбойт деп айтып жатабыз. Сотко чейинки далилдерди топтоо зарыл, ошондон кийин гана күнөөсүнө жараша тергөө маалында камаш керек. Бизде камап алып анан далил издеп жүрүшөт. Далилдерди көп учурда таппайт, ал эми жаран азап чегип, ден соолугунан айрылып, түрмөдө жата берет. Ата-энеси жана мамлекет чыгым тарта берет. Анан тергөө бүттү деп ишти сотко өткөргөндө чечим кабыл алуучу судьяга да кыйын болот. Жаран бир топ убакыт түрмөдө жатып калганын карап, жагдайын оорлотконго аргасыз болууда. Анын айыбы аныкталбаса дагы бир жыл отурганына байланыштуу соттоп жиберип жатышат. Анткени, акталган жаран компенсация дооласа соттогон соттун, тергөөчүнүн чөнтөгүнөн кетет. Мындай жагымсыз жагдайдын баарын тергөө судьясы түзүп жатат.

— Акталгандар деле бар да, бирок алар компенсация сураганын уга элекпиз…

— Ооба бар, бирок ошол иш баштала элек. Мисалы, Ө.Текебаев канча жыл түрмөдө отуруп, кийин акталды. Мен ойлогом Текебаев арыз жазып, компенсация төлөтүү боюнча прецедент башталат го деп. Тилекке каршы, ал киши кызматка ыраазы болуп кетип калды. Канча жыл жабыркап, ден соолугу кеткенин унутту. А биз мамлекетибиз качан укуктук жактан оңолот деп күтүп жүрөбүз, сот системасында бир топ калпыстыктар жүрүп жатат. Бир фактыны айта кетейин, кургак учуктан көз жумган бир жарандын өлүмүнө 4 жигит айыпталган. Экөөсүн коргодум, соттун бардык инстанциясында акталды. Калган экөөсүн соттоду. Бир иште экөө акталса, экөө соттолду. 4 кишинин экөө акталып, экөө соттолгону кандай десем, эч кимиси жооп беришкен жок. Жакында Ысык-Көлдө 80деги кемпир “мени зордуктоого аракет кылды” деп бир жаш жигитти соттотуп жиберди. Бала мас болуп калып уктап жатса, кемпир келип ойготкон экен, чаап жибериптир. Тергөөчүлөр камап, андан ары 8 жылга кестирип жиберишти. Райондук соттун чечимин облустук сот күчүндө калтырды. Көз көрүнөө мыйзам бузулду, биздин жаран отурат. Энеси боздоп ыйлап жүрөт.

— Демек, мыйзамдарга өзгөртүү киргизиш керекпи?

— Бир топ өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Мисалы, соттор биздин колубуз байланып калды деп нааразы болуп жүргөн 304-берене бар. Ага ылайык, эгер айыпкерден башка да жарандар кылмышты жасаган болсо прокурордун өтүнүчү менен гана сот кайра ишти иликтегенге, тергөөгө кетирет. Соттор ушуга нааразы. Прокурор сураса гана ишти кайтара алат, сурабаса сот аргасыздан карай берет, тергөөгө кайтарганга укугу жок. Мурунку мыйзамда соттор кайсы гана иш болбосун тергөөдө кемчиликтер кеткен болсо, ишти артка кайрыганга укугу бар болчу. К.Зулушев киргизген өзгөртүүдөн кийин булардын баары жокко чыкты.

 

                                                                                                                         Зулпукаар Сапанов

 

 

Пример HTML-страницы