2025-жылдын башынан бери Баткен облусунун Кара-Бак аймагында жайгашкан “Алтын-Аймак” ишканасы Америка Кошмо Штаттарына 75 тонна кургатылган мөмө-жемиш экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, заманбап жабдуулар менен иштеген бул ишкана бир күндө 10 тоннадай мөмө-жемиш кургата алат. Ал күндүн нурун пайдаланып түшүмдү тез жана сапаттуу кургатуучу, ошондой эле кайра иштетип таңгактоочу эки бөлүмдөн турат. Түшүм жыйноо маалында эки нөөмөт менен иштеп, 40–50 жергиликтүү тургунду жумуш менен камсыздайт.
Министрлик белгилегендей, бул көрсөткүч ишканада өндүрүлгөн азыктын сапаты жогору экенин жана дүйнөлүк базарга чыгуу мүмкүнчүлүгү кең экенин далилдейт.