"Эркин-Тоо"

КЫРГЫЗСТАН БАТКЕНДЕН БАШТАЛАТ

Тажик тараптын кол салуусунан чек арага жакын жайгашкан айылдардагы талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүүнү айрым саясатчылар саясий куралга айлантышууда.

Мамлекет башчысы Баткен облусуна жасаган жумушчу сапарында жапа чеккен айылдарга барып, үйлөрү талкаланган тургундар менен жолугушуп, турак жайлардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, толук бүткөн үйлөрдү ээлерине тапшырган болчу. Андан кийин парламентте айрым депутаттар “Курулуш иштери жүрбөй жатат. Болгону 2 гана үй бүттү…” деп трибунадан кыйкырып чыгышты.

Чек арадагы жаңжалда толук, көбү жарым-жартылай болуп жалпысы 418 имарат талкаланган. Ушул тапта талкаланган үйлөрдүн, имараттардын баары кайрадан курулуп жатат. Курулуш иштери жай жүрүп, алардын кышка чейин бүтпөгөнүнө нааразылыктар болуп жатат деген сөздөргө жооп иретинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров курулуш иштери кечеңдеп жатат деген сөздөргө негиз жоктугун, эң башкы маселе азыр тынчтык экендигин Баткен облусуна болгон иш сапарында баса белгилеген. Анткени, чек арадагы тажик тараптын куралдуу кол салуусунан кийин үйжайын таштап качкан тургундардын көпчүлүгү кайрадан үйлөрүнө кайтууга ашыккан деле жок. Акыркы маалыматтар боюнча үйлөрүнө кайтып бара элек жергиликтүү тургундардын саны 4 миңге чукул. Көбүнчөсү мындай абалды ал жактагы тынчтыкка кепилдик жок деп түшүндүрүшүүдө. Ошого карабастан аймактагы үйүнө кайта элек ар бир жаранга мамлекет тарабынан даректүү жардам берүү иштери колго алынган. Үй-жайы толугу менен күйүп кеткен, же оңдоого муктаж жарандарга буга чейин да мамлекет тарабынан 149,6 миллион сом кенемте төлөнгөн. Мамлекет тарабынан 824 жаранга 100-200 миң сомго чейин каражат таратылган. Чек арадагы кол салуудан жабыркаган тургундарга БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы аркылуу да 1 миллион долларлык жардам көрсөтүлгөн. Кыштын түшүшү менен 55 миңден ашуун айымдарга жылуу кийим-кечектерди, гигиеналык каражаттарды тапшыруунун аракеттери көрүлүп жаткан чагы. Андан тышкары Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 330 миллион сомдон ашуун каражат кайрымдуулук катары түшүп, анын 140 миллионго жакыны чек ара чатагынан жабыркаган жарандарга компенсация катары берилген. “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каралган 3 миллиард сомдун 1,3 миллиард жумшалып, анын 1 миллиард сому турак жайларды курууга, 300 миллион сому жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоп-түзөө иштерине багытталган.

Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимовдун берген маалыматына ылайык ушу тапта Баткен облусу боюнча жалпы 38 турак үй толугу менен бүткөрүлгөн. Ал эми 70 турак үйдүн курулушунун 95 пайызы бүткөрүлүп, ички жасалгалоо, кургатуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле 127 турак үйдүн 85 пайызы бүтсө, 103 турак үйдүн 75 пайыз курулуш иштери аяктап, учурда чатырын жабуу жумуштары жүрүп жатат. Курулуп жаткан 80 турак үйдүн 65 пайызы аяктап, ушу тапта дубалдын үстүнө плита орнотуу иштери аткарылууда. Бир үйдүн баасы 3 315, 0 миң сом деп бааланып, “Аманат Курулуш Инвест”ЖЧКсы аркылуу иш жүзүнө ашырылууда. Мындан тышкары курулуш иштерин жүргүзүү иштери башкы подряддык ишкана тарабынан 33 субподряддык ишканага өткөрүлүп берилген.

2021-жылдын апрель-май айларында чек арадагы болгон талап-тоноо окуяларынан кийин Түркия өкмөтү берген гранттын эсебинен 140 турак үйдүн ордуна жеңил конструкциядан үйлөр салынган. Айрым бөйрөктөн шыйрак чыгарган активисттер ал салынган үйлөрдүн сапаты тууралуу маселе көтөрүшүп, талапка жооп бербей, аба өткөрбөй тургандыгын айтып чыгышкан. Бирок, жергиликтүү тургундар ал үйлөрдүн жылуулукту жакшы сактай тургандыгына ыраазычылыгын билдирип келишет. Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т. Мадияров бул жолу курулуш иштерине сапаттуу материалдар пайдаланылып жатканын баса белгиледи. Кыш мезгилине карабай, бардык курулуш иштери талапка ылайык жүргүзүлүүдө. Жаңы жылдын алдында 11 жаңы үй толук бүтүп, үй ээлерине мамлекет тарабынан 100 миң сом акчалай белек тапшырылган. Баткен облусундагы жаралган абал саясаттан алыс болууга тийиш. Бул бир гана ошол аймакта жашаган мекендештердин кайгысы эмес, бүтүндөй кыргыз элинин кайгысы. Президент Садыр Жапаров дагы “Кыргызстандыктар өз жеринде кор болбой жашайт” деген сөздү жөн жерден айтпаса керек. Мындан кийин Баткен аймагы Кыргызстандын бүткөн жери эмес, жаркын келечекке үмүт арттырган, жаркыраган дарбазасына айланышы шарт. Бүгүнкү жасалып жаткан иштер ошол нукта жүрүп жатпайбы.

Разия ЖООШБАЕВА
№3 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!