"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Кыргызстан биринчи жолу Азия кубогуна жолдомо алды

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн футболдук беттеште Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-23) Шри-Ланка менен ойноп, 6:0 эсебинде жеңишке жеттип, алгачкы ирет Азия кубогуна жолдомо алды.

Оюнда Марлен Мурзахматов (эки жолу), Кими Мерк, Християн Браузман, Эрбол Абдужапаров жана Саид Дациев гол киргизди. Жыйынтыгында улуттук курама 7 упай топтоп, «E» тайпасында биринчи орунду камсыз кылды.

Эске сала кетсек, Азия кубогунун финалдык баскычы 2026-жылдын 7–25-январь күндөрү Сауд Арабияда өтөт.