"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Өлкө боюнча 20 миңге жакын видео байкоо орнотулат

Өлкөдөгү видео байкоолордун саны 20 миңден ашышы керек. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен акыркы үч жыл ичинде өлкө боюнча «Коопсуз өлкө» долбоорлорунун алкагында видео камераларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Учурда ар бир аймакта орнотулган камералардын саны:

  • Бишкек шаарында – 651,

  • Баткен облусунда – 248,

  • Ысык-Көл облусунда – 283,

  • Жалал-Абад облусунда – 205,

  • Нарын облусунда – 207,

  • Ош шаарында – 57,

  • Ош облусунда – 115,

  • Талас облусунда – 201,

  • Чүй облусунда – 177.

Анын айтымында, күн сайын жаңы видео байкоолор орнотулууда. Алар адамдын жүзүн тааныйт жана 360 градустук бурчтан көрө алат. Ошондой эле көп функционалдуу заманбап камералар болуп эсептелинет.

“Борбор калаабыз Бишкек шаарында жетиштүү камералар орнотулган. Учурда башка аймактарда дагы “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында иштер уланууда. Акыркы жасалган оор кылмыштардын бетин ачуу операциялары да так ушул камералардын жардамы менен ишке ашты.
Кылмышкерлерге жана кылмыш жасоого ниеттенгендерге эскертүү: эч качан кармалбай калам деп ойлобогула. Кылмыш жасабагыла. Учурда жетиштүү техникалык мүмкүнчүлүктөр жана иликтөөнүн жаңы ыкмалары бар. Кыргызстан коопсуз өлкөгө айланышы керек”, — деп жазды Дайырбек Орунбеков.