"Эркин-Тоо"

Кыргызстан Чыгыш Африка өлкөлөрүнө экспортту көбөйттү

2023-жылы Кыргызстан Африка өлкөлөрүнө товар экспорттоо көлөмүн 2022-жылдагы 2 млн 510,6 миң доллардан 6 млн 672,6 миң долларга чейин көбөйткөн. Нарктык мааниде өсүш 165,8 пайызды түздү. Мындай жыйынтыкты Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып чыгарууга болот.

Экспорттун өсүшү дээрлик бардык Африка өлкөлөрүнө белгиленди. Бирок эң көп Эфиопия (+2 миллион 65,1 миң доллар), Маврикий (+1 миллион 155 миң доллар), Уганда (+1 миллион 153 миң доллар), Судан (+93,2 миң доллар) жана Кенияга (+86,3 миң доллар) экспорттолгон.

Ал эми Египет, Ливия, Мозамбик жана Алжирге экспорттолгон товарлар кыйла азайган.

Белгилеп кетсек, Африкадан импорт, тескерисинче, дээрлик 4 эсе азайып, 2022-жылдагы 47,8 млн доллардан былтыр 12 млн долларга чейин кыскарган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!