"Эркин-Тоо"

Кыргызстан Дүйнөлүк банктан энергетика тармагына 50 миллион доллар алат

Кыргызстан Дүйнөлүк банктан энергетика тармагына 50 миллион доллар алат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 1-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев “электр энергиялык секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоору бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана энергияны эсепке алуу системасын санариптештирүү жолу менен электр энергетика секторунун финансылык жана операциялык туруктуулугун жакшыртууга багытталгандыгын билдирди.

Ал эми аталган долбоорду каржылоого Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 50 миллион АКШ доллар бөлөт.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан энергетика тармагы үчүн 50 миллион доллар алары белгилүү болгон. Ошондой эле Швейцария өкмөтү Кыргызстандын энергетика тармагына 8 миллион доллар бөлөт.

Талкуу маалында Русланбек Жакышов чет өлкөдөн алынган карыздын көпчүлүгү энергетика секторуна жана жол тармагына жумшалганын эске салып: “Бирок натыйжасын көрүп жатабыз. Жолдорубуз талкаланып, жарыгыбыз өчүп жатат. Андыктан, карызга алынган каражаттарды туура пайдалануу башкы маселе”, – деди.

Ал эми депутат Жаныбек Кыдыкбаев сунуштап жаткан долбоор өлкө экономикасына кандай таасир берерине кызыгып, ошону менен бирге ортомчу компанияларды жоюу сунушун берди. Өз кезегинде энергетика министри Таалайбек Ибраев тармак 9 миллиард сомдун тегерегинде үлүш кошорун айтып: “Каражатыбыз 8-10 пайызга чейин көбөйөрүн болжолдоп жатабыз”, – деди.

Ошондой эле депутат Адахан Мадумаров «Камбар-Ата-2» ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүүгө 110 миллион доллар кетээрин тактап: “А биз 2 миллиард доллардан ашуун карызды электр тармагына гана алдык. Ошол акчага Камбар-Ата-2ге окшогондон он-жыйырманы курсак болмок. Андыктан алынган карыз кайда кетти деген суроо мыйзам ченемдүү”, – деди.

Андан тышкары, депутат Нуржигит Кадырбеков энергетика тармагында 16 миң кызматкер эмгектенерин, анын 4 миңи эле чиновниктер экенин белгилеп: “Ошолорду азайтса болобу?” – деди.

Ал эми Таалайбек Ибраев “4 миң дегендин баары директор же начальник эмес. Инженерлер дагы бар. Санариптештирүүгө жетишсек, 600дөй кызматкер кыскарат”,– деп кошумчалады.

Депутат Алишер Эрбаев эл аралык макулдашууга карата тармактык министрликтердин корутундусу жок экенин жүйө келтирип, мыйзам долбоорун биринчи окууга кайтаруу сунушун берди.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!