"Эркин-Тоо"

“Кыргызстан Элдик-демократиялык” партиясынын төрагасы, генерал Артур МЕДЕТБЕКОВ: “Жемкорлукка каршы күрөш аягына чыгышын эл чыдамсыздык менен күтүүдө”

— Артур Капарович, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов бир туугандары менен Азербайжандан экстрадицияланып келип, камалды. Мамлекетте коррупциялык империя түзүп, өлкөнү тоногон Матраимов азыркы маалда коюлган айыптардан оңой-олтоң кутулуп кетпейби?

— Райым Матраимов 7-8 жылдан бери тынбай сөз болду. “Райым миллион” деген каймана ат берилип, “коррупциянын символуна” айланганы кеңири айтылып келди. Анын бизде гана эмес, дүйнө жүзүндө аты чыгып, коррупцияга аралашкан алкымы бузуктарды аныктаган “Магнитскийдин” тизмесине илинген. Бирок, 2020-жылга чейин эч бир чара көрүлбөдү. Тескерисинче, Матраимовду калкалап, коррупциялык империясы кулачын жайышына шарт түзүп келишти. С.Жапаров бийликке келгенден кийин гана ага коррупция боюнча айып тагылып камалып, 2 млрд сом төлөдү. Сотто жемкорлугу далилденди, өзү да мойнуна алды. Былтыр Көлбаев жок кылынганда суракка чакырылганы, анан издөө жарыяланганы маалым болгон. Өткөн жумада издөөдө жүргөн Матраимов бир туугандары менен Азербайжанда кармалып, экстрадицияланганына күбө болдук. Ага чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү жана кишилерди уурдап кармаганы боюнча эки иш козголуптур. Менимче, териштирүүнүн алкагында дагы бир нече кылмыш иштери козголуп калышы мүмкүн. Анткени, коомчулукта Матраимовго байланыштуу суроолор көп. Мисалы, элдин эсинен чыгалек, убагында эки чек арачы Кыргызстандан ири суммадагы долларлар чыгарылып кеткенде билдирүү жасашып, Матраимовдордун кланынын мыйзамсыз иштери, контрабандасы боюнча ачык айтып чыгышкан. Бирөөсүнүн фамилиясы эсимде, Сапаралиев болчу. Экөөн тең артынан түшүп, анан үй-бүлөсүнө коркунуч келегенде качып кетүүгө аргасыз болушкан. Ошол балдарды таап, алар айтып чыккан маалыматтарды иликтесе, көп нерсенин бети ачылат. Ошондой эле, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго атаандаш болгон Өмүрбек Бабановдун Кара-Суу районундагы үгүтчүсүн сабап, тепкилеп, бир киши каза болуп калган. Ал иш да иликтенбей, бети ачылбай калган. Мындан сырткары, Жээнбековдун шайлоого кеткен каражаты Матраимов тарабынан каржылаганы, миллиондогон суммалар мыйзамсыз жумшалганы “кара-касса” деген ат менен айтылган. Ушуну дагы териштирсе, көптөгөн белгисиз иштердин бети ачылат. Буга катар, ковид маалында жок болгон акчаларды иликтөө керек. Канчалаган каражаттар маска, халат, кислороддук балондор жана гепарин сындуу дары-дармектеге кетти деген шылтоо менен коррупциялык схемага кирип кеткен. Аларды бажыдан өткөрүүдө дагы чоң суммалар кымырылганы барына маалым. Ага чоң чиновниктер аралашканы, криминалдык топтордун анабашчылары менен ымала түзүлгөнү баарыбызга белгилүү. Ошонун баарын аныктап, тактап, ордуна койсо, мурдагы жана азыркы чиновниктердин бир тобу жоопкерчилик тартат.

— Коррупциялык империя түзүп, мамлекетке өтө чоң зыян келтирген Матраимов тынч жатпай, бүлүк салууга белсенгенин кантип түшүнсөк болот?

— Райым Матраимов жана анын мафиясынын жасаган иштери, мамлекетке келтирген зыяны өтө чоң экени талашсыз. Бажыда орун басар болгондон кийин ченемсиз байлыктарды, эбегейсиз каражаттарды жыйып, үй-бүлөсү менен чет өлкөлөрдө чачып жүргөнү коомчулукта көп жылдардан бери айтылып келе жатат. Бирок, Матраимовдун атасынан мураска калган байлыгы болгон эмес. Же чоң бизнес жасап тапкан эмес. Мунун баары коррупциялык, контрабандалык жолдор менен иштелип чыккан схемалардын негизинде топтолгон дүйнө экени баарына маалым. Коомчулук тарабынан бул тынбай айтылып, бир нече ирет митингдер өтүп, атайын жөө жүрүштөр жасалган. Анын артынан камалып, айып төлөгөнүнө күбө болгонбуз. Ошол окуядан кийин Президент дагы Матраимов жана Көлбаев менен эки ирет жолугушуп сүйлөшкөнүн, эскертүү бергенин айтты. “Эки миллиард төлөдүң, Элдьдорадо соода борборуң, 10 батириң жана башка оокаттарың мамлекетке өттү. Эми мындан ары тынч өз оокатыңды кыл. Криминалдарга аралашпа” — деген экен. Тилекке каршы, эскертүүдөн кийин кылмыштуу иштерин токтотпой, ага катар саясатка кийлигишип, анын аркасында тополоңдуу иштерге багыт алганы – чындыгында эле катуу чара көрүүчү жагдайды жаратты. Мыйзамсыз иштерге кадам шилтегендиги билинип, анын негизинде кармалды десек болот. Бирок, азыркы эки берене боюнча сотко бара турган болсо айып төлөө же шарттуу түрдө жаза менен кутулуп кетиши мүмкүн. Ошол үчүн коомчулук чочулоо менен укук коргоо органдарынын жетекчилерине, бийлик башындагыларга байкоо салып, матраимовдорго кандай жоопкерчилик каралат деп тыкыр карап турат. Дагы тереңдеп иликтенип, мыйзамсыз мүлктөрү мамлекетке өтөбү, булар менен байланышы бар адамдар укук коргоо органдарында, сот системасында, башка мамлекеттик кызматтарда дагы деле жүрөт. Алар четтетилеби? Эң башкысы Матраимовдун мафиясынан Кыргызстан биротоло кутулабы деген чоң суроолор турат.

— Албетте, сиз белгиленген маселелер боюнча иликтөө жүрөрүнө азыркы учурда ишеним чоң, бирок Матраимовдун көздөй адамдары тоскоолдук жаратпайбы? Мыйзамсыз кадамдар боюнча кооптонуу жокпу?

— Кооптонуулар буга чейин болуп келген, азыр да бар. Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттерде социалдык-экономикалык кризис күчөп турган учуру. Кыргызстанда деле ошол кырдаал турат. Муну пайдаланалы дегендер жок эмес. Базарларга ККМ киргизүү жана салыктар боюнча акцияларды Матраимовдор козгогонбу деген пикирлер жаралууда. Ошону менен бирге Матраимовдордун акыркы убактагы абакта жаткандарды колдогон акцияларга тиешеси бар же жоктугу да такталышы шарт. Мындан сырткары, мамлекет жетекчилерине кол салуу боюнча сөздөр айтылып, буйрук аткаруу үчүн Азербайжандан 5 киши келгени маалымдалды. Мунун баары териштирилиши керек. Жетекчилерге кол салуу үчүн келген беш кишинин кармалышына мен абдан кооптонуу менен карап жатам. Эгер чын болсо, алардын курал-жарактары, түзгөн схемалары, бул жакта байланыша турган кишилери, тийиштүү каражаттары, келип кете турган транспорттору болушу керек. Азыр тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу алар айтылбай жатышы ыктымал, бирок кийин сөзсүз ачыкка чыгарышы керек. Ушундай резонанстуу иштер жашыруун болгон сайын коомчулукта туура эмес пикирлер жаралып, элди дүрбөлөңгө сала берет. Ошондуктан, укук коргоо органдары далилдүү маалыматтар менен билдирүү жасашы керек. Ошого катар мамлекетти уурдап, тоноп, жамандык кылган Матраимовдор боюнча тергөө жана сот өз иши адилеттүү жүрүшү керек.

— Матраимов коррупциянын символуна айланганын эч ким таналбайт, ошого жараша жаза чегерилиши керек го…

— Ооба, “Матраимовдордун империясы”, “Матраимовдордун мафиясы” деген аныктамалар чыгып калды. Анын баары такталып, жоопкерчиликке тартылса салык жана бажы тармагында иштегендерге абдан чоң сабак болот эле. Келечекте жаңы клан, жаңы империя түзөм дегендердин тилеги талкаланмак. Мындан ары жемкор мафияны түзө тургандар чыкпай калмак. Баары таза иштегенге аракет жасап калышмак. Ошон үчүн Матраимовдун ишинин саясий-моралдык мааниси чоң. Баарына сабак боло тургандай жаза чегерилиши зарыл. Мамлекеттик бийликтегилер ушундан чоң жыйынтык чыгара тургандай болушу керек. Бир нерсени белгилей кетейин, мурдагы президенттердин убагында “офис” деген түшүнүк калыптанган. Ага кирген адамдар кол тийбес адамга айланып, май-талкандуу тармактарды башкарып же текшерип келишкен. “Офистегилер” өз тармагынан жыйнаган каражаттын бир бөлүгүн жогорку жетекчиликке берип, калганын өзү пайдаланган. Алар бийликте болушкан эмес, эч кандай жоопкерчилик да тарткан эмес. Матраимов ошол “офистен” өсүп чыккан кландын бири. Бүгүн ошондой офистерге чекит коюлушу зарыл.

— Ошондо Матраимов “офистен” өсүп чыгып, 2020-жылы партия түзүп, анан мамлекет башкарам дегенге чейин жеттиби?

— 2020-жылдагы парламенттик шайлоого чейин эле алар бардык мамлекеттик тармакка өздүрүнүн табакташ болгон, айтканын аткарган адамдарын коюп бүткөн болчу. Бажы, салыктан сырткары, прокуратура, сот системаларына чейин өз кишилерин коюшкан. Атургай, спорт, маданият тармагына чейин адамдарын орноштурган. Аткаруу бийлигине да коюп, айыл өкмөт, аким, гутбернатор, мэр кылган. Жогорку Кеңеште депутаттары болгон. Ошонун баары чогулуп, 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясын курады. Айрымдары “Биримдик” партиясына да кирген. Барыбыз көрдүк, элди көзгө илбестен өтө ыплас технологрияларды колдонуп, фальцификация кылып, парламентти толук ээлеп алышты. Мындай көз көрүнөө жасалган адилетсиздикке эл чыдабай, төңкөрүш жасады. Коррупция менен жемкорлукту калкалап, аны актап келген бийлик чегинүүгө аргасыз болду. Өкүнүчтүүсү, Матраимовдун мафиясына киргендер кайрадан башка партиялардын катарына тизилип, көпчүлүгү парламентке өтүп кетти. Эл дагы жердешчилик, тууганчылык, досчулук, жек-жааттык менен шайлап жиберишти. Биз ушундай аң-сезимден кетпесек, кайра-кайра матраимовдор жарала берет. Азыр эми бийлик буга чекит койгонго жакшы шарт жаралды.

— Негизинен коррупция менен кылмышкерлеге каршы күрөштө азыркы бийликтин аракети кандай?

— Бийликтин азыркы аракети жакшы десек болот. Өзгөчө кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүүдө өтө мыктылыгын көрсөтүүдө. Бирок, муну мен башталышы деп эсептейм. Чекеси эми кертилип баштады, аягына жетүү керек. Негизинде, бийликте эки жол турган, бирөөсүн тандашы керек болчу. Биринчиси азыркыдай күрөштү баштоо же булар менен аралашып, коюн-колтук алышып кетүү. Эгер буга чейинки бийликтегилердей камыр-жумур болуп кетишкенде эл чыдамак эмес, толкумак. Анткени, кыргыз эли адилетсиздикке чыдабайт. Албетте, кылмыштуулукка жана жемкорлукка каршы күрөш 2-3 жылдан кийин башталды дегендер бар, муну туура түшүнүү керек, биринчиден азыркы бийликтин шарты болбоду. Экинчиден команда жок эле, бийлик туруксуз болчу. Эми гана туруктуулук пайда болуп, чечкиндүү иштегенге шарт түзүлдү. Криминалдык, коррупциялык топтор саясий топтордон да катуу күчтөнүп, төңкөрүш жасоо деңгээлине жеткенде күрөштү баштады. Бул жаатта УКМК жакшы иштеп жатат, бирок айрым кемчиликтер бар. Өзүнүн компетенциясынан чыгып кетүүдөн сак болушу кажет. Эгемендүүлүк алгандан бери бул тармакта 17 ге чукул жетекчи алмашты. Жетекчиликке ар кайсы тармактагы кишилер келип, айрымдары өзгөчө салымын кошсо, кээ бири бүлүндүрүп кетти. Буга чейин коррупция, жемкорлук жана контрабандага системалуу түрдө күрөш баштоого аракет кылган УКМК жетекчилерине Президенттер өздөрү жана анын тегерегиндеги аткаминерлер жол тосуп келген. Ачыгын айтыш керек, Камчыбек Ташиев жетекчи болуп келгенден бери күрөш катуу жүрүүдө. Президент Садыр Жапаров дагы жигердүү түрдө колдоп жатат. Албетте, моралдык, укуктук жоопкерчилик өтө чоң, байкап сындап, карама-каршы чектен чыгып пикир айткандар дагы бар, бирок колдогондор дагы көп, ошондуктан бардыгы мыйзам чегинде болуп адилеттүүлүк жана сабырдуулук менен чечилсе биздин өлкөдө дагы алга жылыштар көп болот. Элдин үмүтүн актоо үчүн экөөсү тең алкоого татырлык аракет көрүүдө. Эми ушул күрөштү акыйкаттык чечкиндүүлүк менен аягына чыгышына эл, коомчулук чыдамсыздык менен күтүүдө.

 

Зулпукаар САПАНОВ

№25 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 2-апрели

 

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!