Дүйнө жүзүндө анын ичинде Кыргызстанда дагы күйүүчү майга болгон баалардын өсүшүнө байланыштуу, кыргызстандыктардын электромобилдерге өтүшү керектелет, — деген пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.
«Ушуну менен үчүнчү жылы катары менен электромобилдерге өткөрүү маселесин көтөрүп келебиз. Өз учурунда Экономика министрлигинде бул маселе боюнча иш алып бара турган департамент ачылган. Департамент азыр эмне иш кылып жатат? Бензиндин баасы 60 сомдон ашты, бирок биз сөздөн ишке өтө алган жокпуз», — деди эл өкүлү.
Маматалиевдин айтымында, 2030-жылга чейин Европа өлкөлөрү толугу менен электромобилдерге өтүп, күйүүчү май менен жүргөн унаалардан баш тартканы турушат.
«Ал эми биз үчүнчү жылы катары менен ушул суроону көтөрүп келебиз. Унааларды алып келүү жолун жеке бизнес өзү орундатат, мамлекеттен болгону тиешелүү шарттарды түзүп берүү гана талап кылынат», — деди ал.
Марлен Маматалиев парламенттин жыйынында мындан тышкары жарандарга насыя берген онлайн -компаниялар тууралу да токтолду.
Анын айтымында, өкмөт жарандарга жылдык 500 пайыз менен насыя берген онлайн-компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алышы керек.
«Акыркы мезгилде Кыргызстанда насыя берген онлайн-компаниялар өтө тездик менен көбөйүүдө. Алар жарандарга жылдык 500 пайыз менен насыяларды берип келишет. Ким алардын ишин көзөмөлдөп жатат? Маселен, бир жаран «Сома» компаниясынан 3 миң сом үстөк менен насыя алды дейли, ал азыр 25 миң сом төлөп жатат», — деди депутат.
Мындай компаниялардын ишмердүүлүгүн токтотуу керек деп эсептейт эл өкүлү.
«Адамдар айласыздан ушул сыңарындай компанияларга кайрылышат, ал эми алар болсо кыянаттык менен жарандардын ишенимдерине кирип, колдонуп жатышат. Ошол себептен мындай компанияларды көзөмөлгө алып, алардын ишмердүүлүгүн токтотуу керек», — дейт Маматалиев.