"Эркин-Тоо"

Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкынан 79 млн доллар насыя алат

Кыргызстан ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 79 миллион доллар алат.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети тиешелүү макулдашуунун долбоорун жактырды.

Насыянын мөөнөтү 25 жыл, анын ичинде 7 жыл жеңилдетилген болуп саналат. Жылдык пайыздык чен 1,5 пайыз деп эсептелет.

Каражат Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында үйлөрдү курууга жумшалат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!