"Эркин-Тоо"

«Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» аталышындагы кинофестивал өтөт

14-17-сентябрь күндөрү Бишкекте «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» аталышындагы X эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу продюсер, кинорежиссер Таалайбек Кулмендеев билдирди. Анын айтымында бул жылы кинофестиваль Кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналат. Тасмаларга КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын белгилүү кинорежиссерлорунан турган калыстар тобу баа берет.

» Быйыл кинофестивалга чет өлкөлүк жана жергиликтүү кинорежиссерлордон 500дөн ашык арыз түшкөн. 17-сентябрда «Эң мыкты тасма», «Эң мыкты режиссер», «Калыстар тобунун атайын сыйлыгы» жана «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү» номинациялары боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталат», — деди Кулмендеев.

Пример HTML-страницы