Кытайдын Сиань шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) форумуна Кыргызстандын атынан айыл чарба министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев катышты. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымадады.
Форумга ШКУга мүчө жана өнөктөш өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын, Шэньси провинциясынын өкүлдөрү, эксперттер жана Молдова, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Иран, Беларусь сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрү катышты. Анда Жаныбек Керималиев жакырчылыкка каршы күрөш, айыл аймактарын өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча баяндама жасап, сунуштарды билдирди.
Форумдун катышуучулары Янлин үрөн инновациялык борборуна, «Акылдуу айыл чарба» демонстрациялык паркына, кургакчыл аймактар үчүн суу үнөмдөө технологиялары жана жабдууларынын көргөзмөсүнө, Ваншант айылына жана Вужуань шаарчасына барышты.