"Эркин-Тоо"

Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курамалары контролдук беттеш өткөрдү

25-декабрда Дубайдагы «Аль-Наср» стадионунда Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курама командалары контролдук беттеш өткөрдү.

Эки команда тең 2023-жылкы Азия Кубогуна даярданып жаткандыктан, беттеш түз эфирсиз жана көрүүчүлөрсүз жабык форматта орун алды.

Беттеш 1:4 эсебинде Өзбекстандын курамасынын жеңиши менен аяктаган.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, атаандаштын дарбазасына голду Бактыяр Дүйшөбеков киргизген.

«Ак шумкарлардын» Азия биринчилине болгон даярдыгынын алкагында кийинки беттешин БАЭ курама командасы менен 30-декабрда өткөрөт.

Эскерте кетсек, Азия Кубогу-2023 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда өтөт. Кыргыз курама командасы F тайпасында Оман, Сауд Аравия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!