"Эркин-Тоо"

Кыргызстан менен Австриянын парламенттеринин аппарат жетекчилери жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Австрияга болгон расмий сапарынын алкагында КР Жогорку Кеңешинин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев Австрия парламентинин администрациясынын жетекчиси, башкы катчы Харальд Досси менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Жогорку Кеңештин аппараты менен Австрия парламентинин администрациясынын ортосундагы байланышты кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Алайбек Алымбаев бул жолугушуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн пайдубал болуп берерин белгилеп, Австрия парламентинин администрациясы менен эки тараптуу байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Муну менен катар эки тараптуу иш сапарларды уюштуруп, тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, Жогорку Кеңеш бул жаатта да кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Австрия парламентинин администрациясынын жетекчиси эки өлкөнүн парламенттеринин төрагаларынын жолугушуусу кызматташтыктын жаңы барагын ачканын белгилеп, бул мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоого көмөкчү болорун кошумчалады.

Ошондой эле “Inter Pares” глобалдык программасына Жогорку Кеңештин аппаратын да кошулууга чакырган Харальд Досси аталган программа кызматкерлердин потенциалын жогорулатууга, мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө жаатындагы тажрыйбаларын арттырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

“Азыркы тапта Европа өлкөлөрүнүн парламенттеринин аппараттары “Inter Pares” глобалдык программасына кошулуп, бири-бири менен тажрыйба алмашып келет. Андыктан арабызда Кыргыз парламентинин аппаратынын кызматкерлеринин да болушун каалайбыз”,- деди Харальд Досси.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!