"Эркин-Тоо"

Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы мамилелердин жаңы деңгээли

Бүгүн, 3-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишелдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары башталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жогорку даражалуу мейманды «№ 2 мамлекеттик резиденциясында тосуп алды.

Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты, глобалдык күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде аймактык кызматташтык боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчысы Шарль Мишель менен саламдашууда эки тараптуу сапарга чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, Садыр Жапаров анын тарыхый маанисин баса белгиледи, анткени эки тараптуу кызматташтыктын тарыхында кыргыз тарап Европа Бирлигинин жетекчисинин өлкөгө болгон мындай жогорку визитин биринчи жолу өткөрүп жатат.

«Биз бул фактыга абдан чоң маани беребиз. Биздин өлкөгө жана регионго сиздин жеке көңүл бурганыңыз бизге Европа Бирлиги менен өнөктөштүк мамилелерди мындан ары ар тараптуу өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн кошумча стимул берет. Европа Бирлиги биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз болуп саналат. Көз карандысыздыкка ээ болгондон бери ортобузда жалаң ишеним өнүгүп, достугубуз бекемделип жатат», — деп баса белгиледи Президент.

Өз кезегинде Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель күн мурун өткөн Борбор Азия Мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин Президентинин Экинчи жолугушуусунда жылуу кабыл алгандыгы жана анын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

Ал Мамлекет башчысынын БА өлкөлөрүнүн бардык лидерлерин бул иш-чарага катышууга чакыруу демилгесин канааттануу менен баса белгилеп, бул БА жана ЕБ ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы түрткү берет деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, Шарль Мишель өз сөзүндө бүгүнкү жолугушуу Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгууга, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жаңы барагын ачууга мүмкүндүк берерине басым жасады.

Андан кийин сүйлөшүүлөр кеңейтилген форматта улантылды. Европа Кеңешинин Президенти Кыргызстан менен кызматташууда айыл чарба, билим берүү, санариптештирүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүп, жумушчу топторду түзүүнү  демилгеледи. Андан сырткары региондогу аймактык коопсуздук маселесине токтолуп, «Аймакта Афганистандагы кырдаал жакшы эмес экендиги белгилүү. Бул өлкө терроризмдин очогуна айланбашы керек. Биз Афганистандагы абалды турукташтырууга даярбыз»,-деди.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында гидроэнергетикалык  маселелер, жашыл экономиканы өнүктүрүү темасы кеңири талкууланды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!