Кечээ, 24-июлда Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Улуттук Ассамблеясынын президентинин дипломатиялык кеңешчиси Ариан Тришон менен жолукту.
КР ТИМден билдиришкендей, элчи Садык Шер-Нияз өлкөдөгү ички саясий өзгөрүүлөрдү, адам укуктарын, сөз эркиндигин чыңдоо боюнча жасалып жаткан иштер, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана бейөкмөт уюмдар боюнча каралып жаткан мыйзам долбоорлору тууралуу маалыматтарды жеткирүүгө өзгөчө көңүл бурду.
Дипломатиялык кеңешчи Ариан Тришон кыргыз-француз мамилелеринин активдешүүсүн белгиледи. Ошону менен бирге, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттер аралык кызматташтыктын олуттуу ролун эске алуу менен эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосундагы визиттерди алмашуу ниетин ырасташты.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын делегацияларынын жогорку деңгээлдеги иш сапарларынын алкагында Франциянын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы менен жолугушууну өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү активдештирүүгө даяр экендиктерин ырасташты.