Кыргызстандын элчиси Таалай Базарбаев Италиянын тышкы иштер министринин орун басары Эдмондо Чириеллинин жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн кызматташуу маселелери талкууланып, эки тараптуу сапарларды даярдоого жана тышкы иштер ведомстволарынын жетекчилигинин деңгээлинде саясий консультацияларды өткөрүүгө басым жасалды.
Мындан тышкары, жолугушууда соода-экономикалык жана илимий-техникалык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле соода-инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү маселелери көтөрүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Италиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2023-жылдын аягына чейин саясий консультацияларды өткөрүү макулдашылды.