"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстан менен Казакстан бир катар кызматташуу документтерине кол койду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында бүгүн, 22-августта, эки өлкө ортосунда бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

Президент Садыр Жапаров жана президент Касым-Жомарт Токаев «Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы 2025–2027-жылдарга карата кызматташуу боюнча комплекстүү планды жактыруу жөнүндө» Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин чечимине кол коюшту.

Мындан тышкары төмөнкү документтер кабыл алынды:

  • Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү;

  • Кыргыз-казак мамилелеринин ар кыл чөйрөлөрүндөгү маселелер боюнча Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин чечими;

  • 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жол картасы;

  • Алматы облусунда дүң-бөлүштүрүү борборун куруу тууралуу меморандум;

  • Ташылуучу автотранспорт каражаттары жана товарлар жөнүндө маалымат алмашуу боюнча меморандум;

  • Автомобиль транспорту менен ташууларда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор тууралуу меморандум;

  • Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол;

  • Чек ара кызматы үчүн кадрларды даярдоо жаатындагы макулдашуу;

  • Элчиликтер үчүн Астана жана Бишкектен имараттар менен жер тилкелерин акысыз берүү тууралуу макулдашуу;

  • Пенсиялык камсыздоо жаатында маалыматтык өз ара аракеттенүү боюнча макулдашуу;

  • Маданият тармагында кызматташууну кеңейтүү боюнча 2025–2027-жылдарга иш-чаралар планы;

  • Радиожыштыктарды координациялоо боюнча макулдашуу;

  • Туризм тармагында кызматташуу боюнча 2025–2026-жылдарга иш-чаралар планы;

  • Улуттук телерадиокорпорация менен Казакстандын президентинин телерадиокомплексинин ортосундагы кызматташуу меморандуму.

Кол коюлган документтер саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, социалдык жана маданий тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталганы белгиленди.